Сравнение редакций…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 195
« Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө » жобосунун 4 бөлүмүнө ылайык Байкоочу кеңештин өкүлүнө талапкерди көрсөтүү
« Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө » жобосунун 4 бөлүмүнө ылайык Байкоочу кеңештин өкүлүнө талапкерди көрсөтүү боюнча эсептөө комиссиясынын төрайымынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз ХХХVI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. « Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясынын » атайын эсебинин каражаттарын максатуу пайдалануу үчүн байкоочу кеңешке Үч-Терек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы кезектеги ХХХVI–сессиясында жабык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен, Үч-Терек айыл өкмөтүнөн Султанкулова Нурийла Кадырбековна байкоочу кеңештин өкүлү болуп дайындалсын.
2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |