Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2019-жылдын 11-декабры № 196
Үч-Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүүбоюнча Ч.Орозов атындагы жалпы дарыгерлик практикалык борборунун жамаатынын сунушун кароожөнүндө
Үч-Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча Ч.Орозов атындагы жалпы дарыгерлик практикалык борборунун жамаатынын жыйынынын 2020-жылдын 06-ноябрындагы протоколунун негизинде Үч-Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 10-декабрындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХVI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, калктын ден соолугуна кам көрүүдө кошкон зор салымы үчүн Ч.Орозов атындагы жалпы дарыгерлик практикалык борборунун башкы врачы Жумалиева Инабат Демиевнага Үч-Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына ылайык төш белгисин жана күбөлүктү даярдоо жана аларды салтанаттуу тапшырууну уюштуруу жагы айыл өкмөт башчысы Н. Молдомусаевге милдеттендирилсин.
3 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |