Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVII сессиясы
2019-жылдын 28-декабры № 197
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча 2021-жылга жергиликтүү жана Республикалык бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөмү 2021-жылга карата 10982,0 мин сом. Мунун ичинен 584,0 сом жайыт пайдалануучулардан, атайын каражатты 2200,0 мин сом түзөт, тендөө гранты 4028,0 мин сом жалпы 17794,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Үч-Терек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2021-жылга карата 17794,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. Эн биринчи эмгек акыга, соц фондко чегерүүлөргө жана комунналдык чыгымдарга жумшалаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1пайызга чейинки же болбосо 150,5 мин сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
4. Үч-Терек айыл аймагынын бюджеттик эсебинде 2021-жылдын 1-январына карата калган калдык негизги каражаттан 1692,6 мин сомду түзөт. Атайын каражаттан калган калдык 161,4 мин сомду түзөт. Көрсөтүлгөн акча каражаттары жумшалары белгиленсин.
5. Үч-Терек айыл аймагынын бюджетинен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн алдындагы УИТ ишканасына субсидия болуп эмгек акыга жумшала турган 1364,6 сом акча каражаты дефицит болуп бекитилсин.
6. Үч-Терек айылдык Кенешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33-беренесинин 5-пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы № 04-24\4-1 буйругуна ылайык жергиликтуу бюджеттен компенсация 4,1сом өлчөмүндө төлөнүүсү белгиленсин.
7. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык Кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевке милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
9. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |