Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIX-сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 207
Үч-Терек айыл аймагынын Жаштарынын 2020-жылдын 16-майындагы спирт ичимдиктерине каршы кайрылуусун кароо жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагынын Жаштарынын 2020-жылдын 16-майындагы спирт ичимдиктерине каршы кайрылуусун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги ХХХIХ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын Жаштарынын спирт ичимдиктерине каршы кайрылуусу эске алынсын.
2.2021-жылдын 25-январынан баштап спирт ичимдиктерин жана курамында спирт аралашмасы бар клейлердин бардык түрлөрүн сатууга төмөндөгүдөй чектөөлөр киргизилсин.
Эрте мененки саат 8.00 дон кечки саат 20-00 го чейин сатууга уруксат берилсин, кечки саат 20-00 дөн эрте мененки саат 8-00 гө чейин сатууга тыюу салынсын.
3. Белгиленген убакыттан кийин спирт ичидиктерин жана ПВА клейин саткан магазиндин комоктун жана башка сатуучу жайлардын ээлерине, жашы жете элек өспүрмдөргө, мектеп окуучуларына саткан учурда, тиешелүү админстративдик жана мыйзам чегинде чара көрүлөрү жагы эскертилсин.
4. Ар бир айылдарды кыдырып элдин тынчтыгын жана коопсуздугун сактоо, спирт ичимдиктеринин сатылуусуна көзөмөл жүргүзүү жагы уч.инспектор Калый уулу Алмазга, ИДН инспектор Мусаев Максатка, Кызыл-Ураан, Жетиген айылынын уч.инспектору Н.Кадыркуловго, айыл башчылар А.Кошоевге, Э.Качкынбаевге, М.Келгенбаевге, Б.Жусуповго, айылдын жаштары Акылбеков Бакытбек, Айдаралиев Данияр, Дөөлөткелдиев Аскар, Кудайназаров Бактилек, Кадыров Алманбет,Карыпбай уулу Шерзаттарга милдеттендирилсин
5.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |