Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIX-сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 208
Такталык айылындагы бир көчөгө Нурманбетов Абсалбектин тамынан Токтоналиев Болотбектин тамына чейинки көчөгө маркум Токтоналиев Кашканын атын берүү жөнүндө
Маркум маркум Токтоналиев Кашка 1928-жылы Такталык айылында туулган. 1954-жылы 10-октябрында Аскердик кызмат өтөп ушул эле убакта айдоочулук күбөлүгүнө ээ болуп 1957-жылы аскер кызматын өтөп келген. Ошол эле жылы Такталык кыштагындагы колхоздо айдоочу болуп иштеген. 1958-жылдан 1992-жылга чейин Үч-Терек, Шопоков совхоздорунда айдоочу болуп иштеген. иштеген мезгилдеринде бир катар сыйлыктардын ээси ,эл арасында кадыр барктуу инсан болгон. 1992-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 2010-жылы 82 жаш курагында каза болгон.
Жетиген айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун негизинде айылдык кенештин кезектеги ХХХIХ - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Такталык айылындагы бир көчөгө Нурманбетов Абсалбектин тамынан Токтоналиев Болотбектин тамына чейинки көчөгө маркум Токтоналиев Кашканын аты берилсин.
2. Ошол көчөнүн жолдорун ондоого, көчөлөрүн көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка иштерин аткарууга алуу жагы уулу Токтоналиев Болотбеке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |