Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIX-сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 209
Такталык айылындагы бир көчөгө Өмүрзакова Бүбайданын тамынан Нурманбетов Эргештин тамына чейинки көчөгө маркум Мамбеталиев Абандын атын берүү жөнүндө
Маркум Мамбеталиев Абан 1926-жылы 9-майда Жетиген айылында туулган. 1944-жылы согушка кетип 1950 жылы кайтып келген. 1953-жылы Бишкек шаарында техникумга кирип 1954-жылы окууну бүтүп келип, Үч-Терек совхозунда агроном болуп иштеген. 1968-жылдан 1971-жылга чейин алтынчы ферманын башкармасы,1971-жылдан 1991-жылга чейин Жетиген айылынын башкармасы болуп иштеген. Иштеген мезгилдеринде бир катар сыйлыктардын ээси ,эл арасында кадыр барктуу инсан болгон. 1991-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 2005-жылы 04-августунда 79 жаш курагында каза болгон.
Жетиген айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун негизинде айылдык кенештин кезектеги ХХХIХ - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Такталык айылындагы бир көчөгө Өмүрзакова Бүбайданын тамынан Нурманбетов Эргештин тамына чейинки көчөгө маркум Мамбеталиев Абандын аты берилсин.
2. Ошол көчөнүн жолдорун ондоого, көчөлөрүн көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка иштерин аткарууга алуу жагы уулу Мамбеталиев Нуржигитке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |