Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIX-сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 210
«Айыл-чарба багытындагы жерлер категориясынан» «Калктуу конуштардын жерлерине» которууга макулдук берүү жөнүндө
Жетиген, Такталык айылдарынын жашоочуларынын суроо талаптарынын негизинде калктуу конуштарды кенейтүү максатында турак жай куруу үчүн жаш үй-бүлөлөргө жер участогун берүү боюнча Такталык айылынын айыл башчысы Жусупов Бейшенбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин кезектеги ХХХIХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Такталык жана Жетиген айылынын калктуу конуштарын кеңейтүү, жаш үй-бүлөөлөрдү жер участкасы менен камсыз кылуу максатында Такталык айылынын «Кең-Коо» участогунан турак жай куруу үчүн 30 га, социалдык обектилерди курууга 15 га, жалпы 45 га жайыт жерлери айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу Такталык айылынын «Кең-Коо» участогунан трансформацияга сунушталган жайыт жерлердин чөйрө сызыктарын аныктап берүү жагы Кыргызгипрозем мамлекеттик ишканасынан суралсын.
3. Айыл өкмөтүнө караштуу Такталык айылынын «Кең-Коо» участогунан трансформацияга сунушталган жайыт жерлердин башкы планын түзүп, техникалык негиздемесин даярдап берүү жагы Токтогул райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIХ- сессиясынын 2021-жылдын жылдын 16-февралындагы № 210 токтомуна ылайык трансформацияга токтом кабыл алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |