Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу,Токтогул району, Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги-IV сессиясы
2021-жылдын 14-июлу № 5
Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн, айылдык китепканалардын жана клубдардын 2021-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн, айылдык китепканалардын жана клубдардын башчыларынын 2021-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери жөнүндөгү маалыматтары эске алынсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн, айылдык китепканалардын жана клуб башчыларынын 2021-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү айылдык китепканалардын, маданият үйүнүн жана клубдардын башчыларынын иштөө тартибин көзөмөлгө алуу жагы ФЭБ башчысы К.Көкөевге жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык маарекесине карата Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында маданий иш-чараларды уюштуруп өткөрүүдө, баардык санитардык талаптарды, социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүү жагы маданият үйүнүн башчысына, клуб башчыларына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |