Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу,Токтогул району, Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги-IV сессиясы
2021-жылдын 14-июлу № 6
Суугат суу иштеринин жүрүшү, УОС менен айыл өкмөтүнүн график менен иштөө тартибинин аткарылышы жана сугат суулардын берилиши боюнча УОС мекемесинин 2021-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суугат суу иштеринин жүрүшү, УОС менен айыл өкмөтүнүн график менен иштөө тартибинин аткарылышы жана сугат суулардын берилиши боюнча УОС мекемесинин Үч-Терек бөлүмчөсүнүн 2021-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери жөнүндөгү маалыматтары эске алынсын.
2. Суугат суу иштеринин жүрүшү, УОС менен айыл өкмөтүнүн график менен иштөө тартибинин аткарылышы жана сугат суулардын берилиши боюнча УОС мекемесинин Үч-Терек бөлүмчөсүнүн 2021-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Суугат суу мезгилинде, суу пайдалануучуларды үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн келишимдердин аткарылышын жана суугат сууга болгон төлөмдөрдү өз учурунда төгүүсүн камсыз кылуу жагы Жетиген СПА башчысына ,УОС кызматкерлерине жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Суугат сууларын максималдуу топтоо чараларын көрүү, насостук станцияларды ремонттон өткөрүү , суугат сууларын сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу
УОС мекемесинин Үч-Терек бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Үч-Терек айылдык кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |