Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу,Токтогул району, Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги-IV сессиясы
2021-жылдын 14-июлу № 8
Үч-Терек инженердик техникалары муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун жана техникалардын техникалык абалын текшертүү боюнча тиешелүү органдарга кат жолдоо жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамдуулук, бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиялардын биргелешкен отурумунун чечими эске алынсын.
2. Үч-Терек инженердик техникалары муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун жана техникалардын техникалык абалын текшертүү боюнча тиешелүү органдарга кат жолдоо жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |