Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги-IV сессиясы
2021-жылдын 14-июлу № 9
Кызыл –Ураан айылына таштанды төгүүчү жайга жер аянтын караштырып берүү жөнүндө
Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумундагы Кызыл –Ураан айылынын айыл башчысы Э. Качкынбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл –Ураан айылындагы таштанды төгүүчү жайды Аркар–Атуу участогуна которуу боюнча Кызыл –Ураан айылынын айыл башчысы Э. Качкынбаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Кызыл-Ураан айылындагы таштанды төгүүчү жайга Аркар-Атуу участогунан жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Аркар –Атуу участогунан таштанды төгүүчү жайга жер участогун чектеп берүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
4. Таштанды төгүүчү жайга чектеп берилген жер участогуна АПУ, ИТУ документацияларын даярдоого акча каражатын карап берүү жагы ФЭб башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |