Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги-IV сессиясы
2021-жылдын 14-июлу № 10
Саргата айылындагы К.Токторалиев атындагы орто мектебинин спорт залынын потологунун оңдоп-түзөө иштери жөнүндө
Үч-Терек айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын токтом долбоорун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Токторалиев атындагы орто мектебинин спорт залынын потологун оңдоп-түзөө иштери жөнүндө, Үч-Терек айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу колдоого алынсын.
2. К.Токторалиев атындагы орто мектебинин спорт залынын потологун жаңы окуу жылына чейин оңдоп-түзөөдөн өткөртүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы-нан суралсын.
3. Саргата айылындагы К.Токторалиев атындагы орто мектебинин спорт залынын потологун оңдоп-түзөө иштерине акча каражатын карап берүү жагы
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |