Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2021-жылдын 2-августу № 11
Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна өткөрүлгөн төрт долбоордун өздүк салымы үчүн 848959 сом акча каражатын атайын каражаттын 3111 жана 2222 статьяларына бекитип берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап ,Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна өткөрүлгөн төмөндөгү төрт долбоордун, Саргата айылынын К. Токторалиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна өздүк салым -120823 сомду атайын каражаттын 2222статьясынан 3111 статьясына, Саргата айылынын машыгуу залына спорттук шаймандарды алуу долбооруна элден чогулган өздүк салым -50000сомду атайын каражаттын 2222 статьясына , Жетиген айылына кичи футбол аянтчасын куруу долбооруна элден чогулган өздүк салым -178136сомду атайын каражаттын 3111 статьясына отургузуп берүү жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Жетиген айылынын Ак-Жар участкасындагы Т.Молдомусаев башталгыч мектебинин экинчи кабатын бала бакча ачууга эмерек сатып алуу долбоорунун өздүк салымы үчүн, балдар ойноочу аянтчага атайын фонддон каралган 200000сомдун багытын өзгөртүп, кошумча атайын фонддон каралган 300000сом, жалпы 500000 сомду атайын каражаттын 2222статьясына отургузуп берүү жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна өткөрүлгөн жогорудагы төрт долбоордун өздүк салымы үчүн 298959 (эки жүз токсон сегиз миң тогуз жүз элүү тогуз ) сом акча каражаты атайын каражаттын 3111статьясына жана 550000 (беш жүз элүү миң ) сом 2222 статьясына жалпы 848959(сегиз жүз кырк сегиз миң тогуз жүз элүү тогуз ) сом акча каражаты бекитилсин.
5. Каралган акча каражатын , Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 2222 жана 3111 статьяларына отургузууну камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевке милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дөөлөткелдиев |