Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезексиз-V сессиясы
2021-жылдын 2-августу № 12
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек ,Саргата , Кызыл-Ураан айылдары таза суу долбооруна киргендигине байланыштуу ,ичүүчү таза сууну ар бир жашоочунун үйлөрүнө киргизүүдө көрсөтүлө турган кызмат акыларынын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек ,Саргата ,Кызыл-Ураан айылдары Ислам Өнүктүрүү Банкынын каржылоосунда таза суу долбооруна киргендигине байланыштуу , ичүүчү таза сууну ар бир жашоочунун үйлөрүнө киргизүүдө көрсөтүлө турган кызмат акыларынын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек, Саргата жана Кызыл-Ураан айылдарынын жашоочуларынын ар биринин үйүнө ичүүчү таза сууну киргизүүдө көрсөтүлө турган кызмат акыларынын тарифи №1 тиркемеге ылайык, 1(бир) метр аралыкка 140(бир жүз кырк)сом өлчөмүндө бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |
2021-жылдын 02-августундагы Үч-Терек айылдык кенешинин VIII - чакырылышыны кезексиз V-сессиясынын №12 токтомуна 1- тиркеме |
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек ,Саргата , Кызыл-Ураан айылдары таза суу долбооруна киргендигине байланыштуу ичүүчү таза сууну ар бир жашоочунун үйлөрүнө киргизүүдө көрсөтүлө турган кызмат акыларынын эсеби
Трактордун жалпы чыгымдары |
|
Аталышы | Баасы(сом) |
Мотор майы 2айда бир жолу | 5000 |
Шланг бир айда | 3000 |
Шлангдын майы | 1500 |
1насос 1курулуш сезонго | 9000 |
Майда ремонт(сварка,болт) | 3000 |
Трактордун бир айлык чыгымдары |
|
Аталышы | Баасы(сом) |
Мотор майы | 2500 |
Шланг | 3000 |
Шлангдын майы | 1500 |
насос | 1500 |
Майда ремонт | 1500 |
Жыйынтыгы | 10000 |
Бригаданын чыгымдары жана ГСМ |
|
Аталышы | Баасы(сом) |
Труба 1м | 30 |
Трактористтин айлыгы бир айга | 3000 |
ГСМ трактор 1 кундо 32л | 1500 |
Бригадирдин айлыгы бир айга | 10000 |
ГСМ бригадир 1айга | 2000 |
Эки жумушчунун айлыгы 1 күнгө | 700*2=1400 |
Бригаданын чыгымдары жана ГСМ 1 күнгө |
|
Аталышы | Баасы(сом) |
Труба | 2100 |
Трактористтин айлыгы | 136 |
Бригадирдин айлыгы | 454 |
Эки жумушчу | 1400 |
ГСМ трактор | 1500 |
Трактордун ремонт иштерине | 455 |
ГСМ ( бригадага) | 90 |
Жыйынтыгы | 6135 |
70м*140сом=9800сом
10000сом (трактордун бир айлык чыгымдары)/22күн=454с
6135сом+454сом=6589с-жалпы бир күндүк чыгаша
9800-6589=3211с
6589=67%
3211=33%
33%-резерв (ГСМ, труба кымбаттаса) , 70м ден аз казган учурларда ордун толуктайт(чопо жерлер).Анан эн негизги бул келишим түзгөнгө, ТУ чийгенге жана счетчиктердин көрсөткүчтөрүнүн актированиесине керектүү кагаз жана канцтоварларга жумшалат.
Үч-Терек таза суу муниципалдык ишканасынын директору: |
Н.Молдомусаев |