Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу,Токтогул району, Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезексиз-V сессиясы
2021-жылдын 2-августу № 13
Үч-Терек айылындагы балдар ойноочу аянтчага атайын фонддон каралган 200000(эки жүз миң )сом акча каражатынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндө
Үч-Терек айылындагы балдар ойноочу аянтчага атайын фонд тарабынан каралган 200000(Эки жүз миң ) сом акча каражатынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Үч-Терек айылындагы балдар ойноочу аянтчага каралган 200000(эки жүз миң) сом акча каражатынын багыты өзгөртүлүп, Жетиген айылынын Ак-Жар участкасындагы Т.Молдомусаев башталгыч мектебинин экинчи кабатын бала бакча ачууга эмерек сатып алуу долбоорунун өздүк салымы үчүн бекитилип берилсин.
3. Багыты өзгөртүлгөн 200000(эки жүз миң) сом акча каражатын Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 2222 статьясына отургузуп берүү жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Каралган акча каражатын, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 2222 статьясына отургузууну камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевке милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |