Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын ХХIX-сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 123
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн бекитүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын XXIX сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше бөлүктөрүнүн суммасы ( Республикалык берилүүчү теӊдөөчү грантты кошуп эсептегенде) 14708,9 миӊ сомго бекитилсин.
2. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү – 6003,0 миӊ сомго бекитилсин.
3. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн 2021-жылга атайын каражатынын киреше бөлүгү 1000,0 миӊ сомго бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Абды Суеркулов айылдык кеңешинин Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтомду www.Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У.Бучуков |