Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын ХХIX-сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 124
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январында № 41 токтому менен бекитилген “ Жалал Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө” Жобосунун 4- бөлүмүнө ылайык, байкоочу кенештин курамына киргизүүгө бир талапкерди айылдык кеӊештин сессиясында карап, сессиянын чыгарылган чечимине ылайык жактырылган өкүлдү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январында № 41 токтому менен бекитилген “ Жалал Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө” Жобосунун 4- бөлүмүнө ылайык, байкоочу кенештин курамына киргизүүгө бир талапкерди айылдык кеӊештин сессиясында карап, сессиянын чыгарылган чечимине ылайык жактырылган өкүлдү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жөнүндөгү маселени А.Суеркулов айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Жалал Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө” Жобосунун 4- бөлүмүнө ылайык, байкоочу кенештин курамына Тезекбаев Жолдубай Садырбекович сунушталсын.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
3. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У.Бучуков |