Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын ХХIX-сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 125
Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун аракеттер планын (КЖАП) ишке ашырууга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун аракеттер планын (КЖАП) ишке ашырууга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXIX сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2- фазасынын алкагында Токтогул шаардык мэриясы, Абды Суеркулов айыл аймагы жана Жаӊы - Жол айыл аймагы менен биргеликте Муниципалитеттер аралык кызматташуу ( мындан ары МАК) сынагына катышуусу колдоого алынгандыгы эске алынсын.
2. МАК алкагында түзүлгөн Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун аракеттер планынын (КЖАП) суммасынын 30 % үчтөн бир өлчөмүндө өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен кайтарымсыз бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Аталган долбоордун алкагында тиешелүү иштерди аткаруу Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.К. Жуматаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Абды Суеркулов айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У.Бучуков |