Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын ХХIX-сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 126
Жеке агрономдордун көргөзгөн кызматынын тарифтик баасын бекитүү жөнүндө
Жеке агрономдордун көргөзгөн кызматынын тарифтик баасын бекитүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXIX сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер-жерлердеги дыйкандардын иштерин жакшыртуу жана карантиндик зыянкечтерден арылтуу, таза айыл чарба продукцияларын экспорттоо жана таза түшүм алуу, отоо чөптөрдөн арылтуу максатында жеке агрономдордун көргөзгөн кызматынын тарифтик баасын 1 түп бакка 2 метрден жогоркусуна 50 сом, 1 түп бакка 2 метрге чейинкисине 30 сомдон, 0,01 га жерди дарылоо үчүн 30 сом дарысы дыйкандын эсебинен болуусу бекитилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У.Бучуков |