Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX-чакырылышынын VI-сессиясы
2021-жылдын 8-сентябры № 13
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылына 200 орундуу клубду Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каражатына курууга долбоордун талабы боюнча 5% өздүк салымын түзгөн 559693сом акча каражатын жергиликтүу бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылына 200 орундуу клубду Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каражатына курууга долбоордун талабы боюнча 5% өздүк салымын түзгөн 559693сом акча каражатын жергиликтүу бюджеттин эсебинен бөлүп берүү боюнча маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VI сессиясынын карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылына 200 орундуу клубду Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каражатынан курууга долбоордун талабы боюнча 5% өздүк салымын түзгөн 559693сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |