Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX-чакырылышынын VI-сессиясы
2021-жылдын 8-сентябры № 15
Абды Суеркулов айыл аймагынын 2021-2024-жылдарга инклюзивдүү жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын кайрадан акыркы толуктоолору менен иштелип чыккан программасын бекитүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл аймагынын 2021-2024-жылдарга инклюзивдүү жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын кайрадан акыркы толуктоолору менен иштелип чыккан программасы боюнча маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VI сессиясынын карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл аймагынын 2021-2024-жылдарга инклюзивдүү жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын кайрадан акыркы толуктоолору менен иштелип чыккан программасы бекитилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |