Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX-чакырылышынын VI-сессиясы
2021-жылдын 8-сентябры № 17
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жана жергиликтүү бюджеттин кээ бир беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жана жергиликтүү бюджеттин кээ бир беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен келип түшкөн 200000сом акча каражаты төмөндөгү беренелерге бөлүштүрүлсүн:
Аппараттын атайын эсептеги 2222беренесине 100000сом акча каражатын Кара-Жыгач айылына таза суу чыгарууга курулуш материалдарын сатып алууга, 100000сом акча каражатын Торкен айылынын Көкүрөк участогуна таза суу чыгарууга курулуш материал сатып алууга бөлүнсүн.
2. Аппараттын 2721 беренсиндеги 22000сом Күч органдарынын күнүнө каралган акча каражатын бала бакчанын 2222 беренеси менен Сезим келечеги балдар бакчасына газплита сатып алууга өзгөртүлүп берилсин.
3. Аппараттын 2215 беренесиндеги күтүлбөгөн чыгымдарга каралган 64000сом акча каражаты 2721 беренеси менен Торкен айылынын Токмок участкасындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө суу түтүгүн каздыруу үчүн социалдык жардам катары берилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |