Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX-чакырылышынын VI-сессиясы
2021-жылдын 8-сентябры № 18
Абды Суеркулов айылдык кенешинин депутаты Ж.Тезекбаевдин сунушу боюнча Шамшыкал тоосунун туз кени чыккан “Түштүк Кичи Лог” участогунан “Тенир Голд” ЖЧКсына 6564ТР номерде берилген “геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугу” лицензиясына макулдук берүү жөнүндө
Абды Суеркулов айылдык кенешинин депутаты Ж.Тезекбаевдин сунушу боюнча Шамшыкал тоосунун туз кени чыккан “Түштүк Кичи Лог” участогунан “Тенир Голд” ЖЧКсына 6564ТР номерде берилген “геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугу” лицензиясына макулдук берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айылдык кенешинин депутаты Ж.Тезекбаевдин сунушу боюнча Шамшыкал тоосунун туз кени чыккан “Түштүк Кичи Лог” участогунан “Тенир Голд” ЖЧКсына 6564ТР номерде берилген “геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугу” лицензиясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |