Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX-чакырылышынын VI-сессиясы
2021-жылдын 8-сентябры № 19
Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын айылдык клубун курууга түрткү берүүчү грантка долбоор даярдоого өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен бекитип берүүгө 2021-жылга керектелбеген суммаларды айылдык клубдун өздүк салымына кошуп берүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын айылдык клубун курууга түрткү берүүчү грантка долбоор даярдоого өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен бекитип берүүгө 2021-жылга керектелбеген суммаларды айылдык клубдун өздүк салымына кошуп берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын айылдык клубун курууга түрткү берүүчү грантка долбоор даярдоого өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен бекитип берүүгө 2021-жылга керектелбеген суммаларды айылдык клубдун өздүк салымына кошуп берүү үчүн, Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу мектептерге, балдар бакчаларына, китепканаларга, клубдарга жана аппаратка өздөрүнүн керектөөсүндөгү акча каражаттарын 1 жумалык мөөнөт ичинде мамлекеттик электрондук порталга сатып алууга жарыя берилсин.
2. 1 жумалык мөөнөттөн кийин 2021-жылга керектелбеген акча каражаттарын Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын айылдык клубун курууга өздүк салымына кошуп берүүгө тиешелүү материалдарын кезексиз сессияга сунуштоо жагы экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Райымжановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |