Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX-чакырылышынын II-сессиясы
2021-жылдын 3-июну № 3
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, айыл өкмөттүн башчысына талапкер Батыркулов Алмазбек Бекмурзаевич жана Токтоказиев Уланбек Токтоказиевич «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 49-беренесине ылайык зарыл добушка ээ болбой калгандыгына байланыштуу Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калгандыгы белгиленсин.
2. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 49-беренесине ылайык айыл өкмөттүн башчысын шайлоону кайрадан өткөрүү жагы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жагы жооптуу катчы Т.Кебековко тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |