Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX-чакырылышынын II-сессиясы
2021-жылдын 3-июну № 4
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Б.Өмүрбаеванын билдирүүсүнө ылайык Абды Суеркулов айыл өкмөтү менен Хельветас Ассоциациясы гранттык макулдашуу алкагындагы жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн потенциалын жогорулатуу максатында долбоорду каржылоого бөлүнгөн акча каражатын жана “Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинен Торкен айылынын Айдаралы көчөсүнө таза суу чыгарууга материал алууга бөлүнгөн акча каражатын жергиликтүү бюджеттин беренелерине бөлүштүрүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтү менен Хельветас Ассоциациясы гранттык макулдашуу алкагындагы жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн потенциалын жогорулатуу максатында долбоорду каржылоого бөлүнгөн акча каражатын жана “Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинен Торкен айылынын Айдаралы көчөсүнө таза суу чыгарууга материал алууга бөлүнгөн акча каражатын жергиликтүү бюджеттин беренелерине бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтү менен Хельветас Ассоциациясы гранттык макулдашуу алкагындагы жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн потенциалын жогорулатуу максатында долбоорду каржылоого бөлүнгөн 98500сом акча каражатын жана “Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинен Торкен айылынын Айдаралы көчөсүнө таза суу чыгарууга материал алууга бөлүнгөн 500000сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин атайын эсебинин төмөндөгү беренелерине бөлүштүрүлсүн:
2211беренсине 6000сом
2215 беренесине 8500сом
2218 беренесине 50000 сом
2222 беренсине 534000сом
Жалпы 598500сом
2. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жагы жооптуу катчы Т.Кебековко тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |