Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX-чакырылышынын II-сессиясы
2021-жылдын 3-июну № 5
Абды Суеркулов айыл кенешинин иш кагаздарын жана токтомдорун мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл кенешинин иш кагаздарын жана токтомдорун мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл кенешинин иш кагаздары жана токтомдору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренсине ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жагы жооптуу катчы Т.Кебековко тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |