Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX-чакырылышынын IV-сессиясы
2021-жылдын 29-июну № 8
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин туруктуу комиссияларын жана алардын курамын бекитүү жөнүндө
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин туруктуу комиссияларын жана алардын курамын бекитүү жөнүндө маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин
IXчакырылышынын IV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясы жана анын курамы төмөндөгүдөй болуп;
Экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясы жана анын курамына- Р.Тилекматов, Ж.Исаков, У.Бучуков, Ж.Тезекбаев, Г.Куттубаевалар;
Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, дин иштери жана
жаштар саясаты боюнча комиссиясы жана анын курамына Р.Аскарбеков, Р.Ажыкулова, Д.Мырзабеков, А.Абазова, Н.Касымбаевалар;
Айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясын жана анын курамына У.Токтоказиев, У.Тиленбаев, Т.Малабеков, И.Өмүркулов, А.Табалдиевдер;
Мыйзамдуулук, этика маселеси, атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана анын курамына – Үсөн уулу Кыязбек, Н.Асанов, Т.Таласбаева, Э.Мусабаевалар бекитилсин.
2. Туруктуу комиссиялардын төрагаларын, орун басарларын шайлоо жана иш алып баруу жагы туруктуу комиссиялардын курамындагы мүчөлөргө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |