Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX-чакырылышынын III-сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 6
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын III сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, айыл өкмөттүн башчысы болуп Кадыркулов Мергенбай Карагулович депутаттардын көпчүлүк добушу менен шайлангандыгы белгиленсин.
2. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарын бекитип берүү жагы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жагы жооптуу катчы Т.Кебековко тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | К.Таалайбек уулу |