Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеӊешинин ХХIХ-сессиясы
2021-жылдын 17-марты № 8
2020-жылдын 16-мартындагы №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«CASA - 1000» жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамыларын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы №105 токтомун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндөгү мыйзамына таянып Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Датка-Сугд” 500 кВ жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамыларын орнотуу үчүн, мамлекеттик фонду эсебиндеги жерлеринин, Ленин айыл өкмөтүнүн 0,2453 га сугат айдоо, 0,0441 мелиоративдик даярдоодогу жерлер жана 0,2912 көп жылдык бак дарактар түрүңдөгү, жалпы аянты 0,5806 га жерлерди, анын ичинен:
№378 контурундагы-0,0441 га мелиоративдик даярдоодогу жерлер;
№370 контурундагы-0,0361 га сугат айдоо;
№361 контурундагы-0,0361 га сугат айдоо;
№359 контурундагы-0,0802 га сугат айдоо;
№347 контурундагы-0,04 га сугат айдоо;
№253 контурундагы-0,0529 га сугат айдоо;
№374 контурундагы-0,04 га көп жылдык бак дарактар;
№310 контурундагы-0,04 га көп жылдык бак дарактар;
№315 контурундагы-0,0361 га көп жылдык бак дарактар;
№321 контурундагы-0,0324 га көп жылдык бак дарактар;
№325 контурундагы-0,0441 га көп жылдык бак дарактар;
№331 контурундагы-0,0361 га көп жылдык бак дарактар;
№322 контурундагы-0,625 га көп жылдык бак дарактар;
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилет.
2. Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Ленин айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы: | М. Кеңешбаев |