Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXIX-сессиясы
2021-жылдын 17-мартын № 2
2021-жылдан тартып 2025-жылга чейинки мезгилде Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык жактан өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу башкы адиси Мамырасулов Мамасыдык билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймагынын 2021-жылдан тартып 2025-жылга чейинки мезгилде жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясын жана инвестициялык планы жактырылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кеңешбаев |