Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXIX-сессиясы
2021-жылдын 17-марты № 3
Калмак-Кырчын участогунда жайгашкан калктуу Как-Көл конушуна айыл макамын берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык жактан өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу башкы адиси Мамырасулов Мамасыдык билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак районунун Ленин айыл аймагында жайгашкан, айыл категориясына киргизилбеген (айыл макамы жок) калктуу участок Как-Көл жерине айыл макамы берилсин.
2. Ыйгарылган айыл макамдын мыйзамдуулугун архитектура, мамлекеттик каттоо менен макулдашып токтомду аткаруу жагы жер, турак-жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис Жолдошев Кадырбайга тапшырылсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү Сузак райондук администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кеңешбаев |