Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXIX-ессиясы
2021-жылдын 17-марты № 7
Жергиликтүү тургундарынын кайрылуулары жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы Кеңешбаев Мамасадык билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыгч-Коргон айылынын тургундарынын Таза-суу чыгарууга кеткен чыгымдарын төлөп берүү жөнүндө арыздары 2021-жылдын II-кварталына кароо сунушталсын.
2. Жыгач-Коргон айылында жашашкан, турмуш шарты оор Калимбетовдордун үй-бүлөсүнө. Анын уулу Калимбетов Мирланга жер тилкеси кезексиз бөлүп берүү сунушталсын. Бөлүнүп бериле турган жер тилкесинин мыйзамдуулугун архитектура, мамлекеттик каттоо менен макулдашып токтомду аткаруу жагы жер, турак-жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис Жолдошев Кадырбайга тапшырылсын.
3. Мыйзамсыз аракеттер боюнча Хайирдинов Сражидиндин арызын карап чыгып, тиешелүү органдарга мыйзамсыз аракеттерди жазуу сунушталсын.
4. Жыгач-Коргон айылынын Р.Сулайманова көчөсүнүн баш жагынан орун алган, сайдын боюунан жайгашкан жолго “Бешубаков” атындагы наам ыйгарылсын. Ыйгарылган наамдын мыйзамдуулугун архитектура, мамлекеттик каттоо менен макулдашып токтомду аткаруу жагы жер, турак-жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис Жолдошев Кадырбайга тапшырылсын.
5. Жыгач-Коргон айылынын тургундары тарабынан электр столба зымдарын тартып, таза-суу чыгарып берүүсү жөнүндө арыздары 2021-жылдын II-кварталына кароо сунушталсын.
6. Ленин айыл аймагында жайгашкан жайкы эс алуу паркын пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБОнун негизинде Жуманазаров Айбек менен келишим түзүлсүн. Келишимдин аткарылышын жер, турак-жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис Жолдошев Кадырбайга тапшырылсын.
7. Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кеңешбаев |