Сравнение редакций…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз III-сессиясы
2021-жылдын 9-июну № 1
Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесине ылайык Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндө 2021-жылдын 9-июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколун карап чыгып, Ленин айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгынын чыгаруу жөнүндө, Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын №2 протоколу бекитилсин. Тиркеме №1 тиркелет.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Мурзаканов Чолпонбек Исмаилович шайланды деп эсептелсин.
3. Бул токтом Ленин айыл өкмөтүнүн www.lenin-aimak.kg расмий сайтына жарыяланган күндөп баштап күчүнө кирет.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Жылчымышев З |