Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз III-сессиясы
2021-жылдын 9-июну № 2
2021-жылдын 08-июунундагы Ленин айыл аймагынын Жыгач-Коргон айылынын тургундарынын кайрылуусун талкуулоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймагынын Жыгач-Коргон айылынын тургундарынын 2021-жылдын 08-июунундагы кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Көк-Арт дарыясынын “Юни-Строй” ЖЧКнын иши айлана-чөйрөөгө келтирилген зыянына байланыштуу мындан ары иштөөсү элдин талабы боюнча убактылуу токтотулсун.
3. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы кен байлыктары бар жерлерди пайдаланууга берүү боюнча комиссиясынан, Ленин аймагындагы Көк-Арт дарыясынын “Юни-Строй” ЖЧКнын иши айлана-чөйрөөгө келтирилген зыянын аныктап кортунду чыгарып берүү жагы суралсын.
4. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Жылчымышев З |