Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз III-сессиясы
2021-жылдын 9-июну № 3
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга долбоорун бекитүү 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева А. билдирүү жасады.
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга долбоорун бекитүү 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндө.
Ленин айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндөгү 2021-жылдын 08-июнунда Ленин айылынын Маданият үйүндө болуп өткөн коомдук угуунун протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 2022-жылга долбоору республикадан берилүүчү теңдөө гранты менен кошулуп 12743,6 миң сом, 2023-жылга божомолу 12766,1 миң сом, 2024-жылга божомолу 12823,9 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Республикадан берилүүчү теңдөө грантынын көлөмү 2022-жылга долбоору 4755,4 миң сом, 2023-2024-жылдарга божомолу 4768,9 миң сомдон бекитилип биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык чыгымдар) каржылоого багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодекси”, КР Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген нормативдик актыларга жана айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн коомдук угууларда талкууланган маселелердин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдары 2022-жылга долбоору 14423,7 миң сом, 2023-жылга божомолу 14763,4 миң сомго, 2024-жылга божомолу 14829,1 миң сомго жактырылсын.
4. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген 2022-жылга долбоору жана 2023-2024-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
5. Токтомду аткаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Жылчымышев З |