Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз IV-сессиясы
2021-жылдын 29-июну № 4
Орто-Сай айылына фельдшердик пункт куруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөт башчысы Мурзаканов Чолпонбек Исмаилович билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Сай айылындагы бала-бакча турган жер аянтынан Фельдшердик пункт курууга 0,05 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Бекитилип берилген жерге мамлекеттик актысын даярдап, каттоодон өткөрүү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын башкармалыгынан суралсын.
3. Бекитилип берилген жер аянтынын план-долбоорун даярдап берүү жагы Сузак архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4. Бекитилип берилген жер аянтын максаттуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысына жекече милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Жылчымышев З |