Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз II-сессиясы
2021-жылдын 19-майы № 1
Ленин айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айылдык кеңешинин төрагасы Жылчымышев Замирбек Эгембердиевич билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын аталышы жана саны төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
- Бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча – 5 депутат;
- Айыл чарбасы, жер маселелери, инвестиция, ишкердик иш боюнча – 5 депутат;
- Жаштар, спорт, маданият боюнча – 3 депутат;
- Социалдык маселелер боюнча – 3 депутат;
- Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана депутаттык этика боюнча – 3 депутат.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарына жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Жылчымышев З |