Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз II-сессиясы
2021-жылдын 19-майы № 4
Коомдук угуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңешинин депутаты Иманкулова А. билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймак боюнча 2021-жылдын 08-июнь күнү “Коомдук угуу” өткөрүү уюштуруу Ленин айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. Күн тартибине “Айылдардан таштанды чыгаруу жөнүндө” жана “2021-жылда айыл аймакта болгон киреше жана чыгашалардын аткарылышы жөнүндө” маселелери киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Жылчымышев З |