Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 1
Шалы эгилген жерлердин ижара акысын тактоо жөнүндө
Күн тартибиндеги Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Токтосунов Б. билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык кеңешинин 26.12.2018-жылдагы №5 токтомунун 3-бөлүгүндөгү сөздөр “Кайра бөлүштүрүү фондунун”, “Ленин айыл аймагынын” сөздөрү менен алмаштырылсын жана эгилген шалы үчүн ижара акынын өлчөмү 5000,0 (беш миң) сом болуп калсын.
2. Токтомдун көчүрмөсү айыл өкмөтүнүн жер адиси Жолдошев Кадырбайга берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кеңешбаев |