Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 26-январы № 4
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү Жалал-Абад областынын Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчету жана жазма буйрук жөнүндө
Күн тартибиндеги каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Айнуранын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы талкууланып, кетирилген кемчилдиктерди мындан ары кайталабоого каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошевага эскертүү берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кеңешбаев |