Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 279
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан 2021-жылга которулуп келген каражаттарды жумшоо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик,инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2021-жылга атайын фонддон бөлүнүүчү акча каражатты Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевдин сунушунун негизинде төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
- Айылдык маданият үйүн ремонттоого -900,0миң сом каражат сурап кайрылышкан.
- К.Чодошев атындагы орто мектебинин кичи футбол аянтчасына газон алууга-800,0миң сом.
- К.Чодошев атындагы орто мектебинин терезелерин оңдоого- 2 млн 500,0миң сом.
- А.Ибраимов атындагы орто мектебинин кичи футбол аянтчасын курууга -2млн сом
- Коңур-Өгүз суусунун башына щит курууга -1 млн 500,0миң сом
- Жутма арыгын бетондоого- 120,0миң сом
- Бок басар каналын тазалоого жана алыштарга тосмо коюууга -2млн сом
- Чалдыбар айылына суу чыгарууга-98,0миң сом
Жалпы: 9918,0миӊ сом
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2021-жылга атайын фонддон бөлүнүүчү акча каражаттарды өз багытында жумшоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго ташырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |