Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 280
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Сманованын 2020-жылдагы аткарган иштеринин маалыматы угуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Сманованын 2020-жылдагы аткарган иштеринин маалыматын угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Сманованын 2020-жылдагы аткарган иштеринин маалыматы жактырылсын. Айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сын-пикирлер эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймактарындагы тозулган жерлерди, айыл чарба багытынан сырткары жерлерди жана мектеп, оорукана, мекемелердин киреше салыгын тактоо жагы айыл өкмөттүн айыл чарба иштери жана жер маселелери боюнча башкы адиси Э.Ажыкуловго милдеттендирилсин. Көзөмөлдөп кийинки сессияга алып келүү жагы айыл өкмөт башчысы Г.Смановага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |