Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 281
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуунун жүрүшү жөнүндө айыл өкмөттүн айыл чарба жана жер маселелери боюнча башкы адисинин убактылуу милдетин аткаруучу Ө.Төрөкуловдун сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдарында көчөлөрдү, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча жума сайын ишембиликтер өткөрүлсүн.
3. Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө жыл башында бекитилген каражаттан жумшоо жагы каралсын. Акча каражаттын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн бухгалтериясына тапшырылсын.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы мекеме уюмдарга жол жээгиндеги бак дарактарды актоо, таштадыларды чыгаруу, жолдорду, ички арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүү жагы мекеме уюм жетекчилерине, айыл башчыларына, айылдын көчөлөрүнө ысымы берилген жарандардын үй-бүлөөсүнө алдына ала эскертилип милдеттендирилсин.
5. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы борбордук базардагы курулуштарга өзгөчө көӊүл бөлүнүп,соода түйүн дүкөндөрдүн айланасын тазалоо иреетке келтирүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Г.Смановага тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
7. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |