Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 282
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жазгы айдап себүүгө карата техника акыларын жана жаз-күз мезгилинде мал багуучулардын бада акыларын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жазгы айдап себүүгө карата техника акыларын жана жаз-күз мезгилинде мал багуучулардын бада акыларынын бекитилиши боюнча маалыматты айыл тургундары менен өткөн элдик жыйында тааныштырылып айтылган сунуштар эске алынып төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
Жазгы жер айдоо: 1га жерге кызмат акысы күйүүчү майы ичинде 3000 сом.
Жер малалоого: 1га жерге кызмат акысы күйүүчү майы ичинде 1000 сом.
Тоют ташууга: Аралыгына жараша күйүүчү майы ичинде 700-1000 сомго чейин.
Чөп чабууга: 1га жерге күйүүчү майы ичинде,чөп чабуу-2500 сом.
Чогултуу кызмат акысы -1000 сом.
2. Жаз-күз маалында бадачыларга малды багып келүү эмгек акысы төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
Ири мүйүздүү малга – бир башына 400 сом, тузу ичинде
Кой-эчкилерге – бир башына 80 сом, тузу ичинде
3. Бадачыларга жаз-күз маалында малды тоого 1-майдан баштап 1-октябрга чейин айылга түшүрбөө жагы эскертилсин.Белгиленген мөөнөтөн мурда бада багуучулар айыл ичине көчүп келүүсүнө алдын-ала түшүндүрүү иш чараларын уюштуруп аткаруу жагы Жайыт комитеттинин төрагасы А.Акматалиевге жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. 2021-жылдын 20-апрелине чейин жогорудагы баалардан ашпоо үчүн бадачылар, техника ээлери менен келишим түзүп, көзөмөлгө алуу жагы Жайыт комитеттинин төрагасы А.Акматалиевге жана айыл өкмөт башчысы Г.Смановага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |