Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 283
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт жерлердин жайыт акысын жана багыттуу пайдаланышы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл тургундары менен өткөрүлгөн элдик жыйындын токтомунун жана Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жакынкы жана айыл арасында тозулуп пайдаланып жаткан жайыт жер аянттарынын жайыт акысы 1га жер аянтка КРнын жайыт мыйзамынын негизинде 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө белгиленсин
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жакынкы жана айыл арасында тозулуп пайдаланып жаткан жайыт жер аянттары аркылуу айыл чарба техникалары жана малды айдап өтүүчү жолдор 2021-жылдын 15-апрель күнүнө чейин ачып, каттоо иштерин туруктуу уюштуруу жагы айыл өкмөттүн айыл чарба иштери жана жер маселелери боюнча башкы адиси Э.Ажыкуловго жана Жайыт комитеттинин төрагасы А.Акматалиевге милдеттендирилсин, көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Г.Смановага тапшырылсын.
3. Тозулуп пайдаланып жаткан жайыт жерлерди тактоо жана өндүрүлбөй жаткан жайыт акыларын өндүрүү жагы айыл өкмөттүн айыл чарба иштери жана жер маселелери боюнча башкы адиси Э.Ажыкуловго жана Жайыт комитеттинин төрагасы А.Акматалиевге милдеттендирилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жакынкы жана айыл арасында тозулуп пайдаланып жаткан жайыт жер пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү жагы Жайыт комитеттинин төрагасы А.Акматалиевге милдеттендирилсин.
5. 2021-жылдын 20-апрелине чейин жогорудагы баалардан ашпоо үчүн бадачылар, техника ээлери менен келишим түзүп, көзөмөлгө алуу жагы Жайыт комитеттинин төрагасы А.Акматалиевге жана айыл өкмөт башчысы Г.Смановага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
7. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |