Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 284
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 22.03.2021-жылдагы №12 отурумунун токтомун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 22.03.2021-жылдагы №12 отурумунун токтомунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төмөнкү акча каражаттар бөлүнүп берилсин.
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төмөндөгү акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
- Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бардан участкасындагы суу өтүүчү көпүрөнү оңдоого курулуш материал алууга – 100,0 миң сом берилсин.
- Кызыл-Өзгөрүш айылындагы борбордук көчөдөгү автоунаа жүрүүчү жол жээгиндеги адам жүрүүчү жолду көрктөндүрүүгө проектиге кетүүчү каражат каралсын.
- Көк-Таш айылынын тургуну Сатыбалдиева Жумагүлдүн даарылануусуна-10,0миӊ сом берилсин.
- Бууракан айылынын тургуну Абдыкадыр кызы Махабаттын даарылануусуна-10,0миӊ сом берилсин.
- Бууркан айылынын тургуну Разыбаев Таанбектин даарылануусуна-10,0миӊ сом берилсин.
- Коңур-Өгүз айылынын тургуну Ызаков Болотбектин даарылануусуна-10,0миӊ сом берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |