Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 285
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө атайын эсептен келип түшкөн каражаттан эпизотиялык абалды жөнгө салуу профилактикалык иш чараларды уюштуруу үчүн малдарды кармоого жай куруу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында эпизотиялык абалды жөнгө салуу профилактикалык иш чараларды уюштуруу ветеринардык фитосанитардык коопсуздукту алдын-алуу максатында жугуштуу ылаңдарга каршы эмдөөдө малдарды кармоого жай куруу үчүн Чеч-Дөбө айылына жана Бел-Кара-Суу айылына кароолкана салуу үчүн атайын эсептен бөлүнгөн 270,0миң сом багыты өзгөртүлүп жумшалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге Агрардык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |