Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 286
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Кызыл-Өзгөрүш айылында жайгашкан социалдык обектилерге бөлүнгөн муниципалдык жер аянттан окутуу борбору жана китепкана куруу үчүн жер аянттын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Д.Шайлообековдун кайрылуусун жана Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Кызыл-Өзгөрүш айылында жайгашкан социалдык обектилерге бөлүнгөн муниципалдык жер аянттан окутуу борбору жана китепкана куруу үчүн 500м2 жер аянтты бөлүнүп берилсин.
2. Чектелген 500м2 жер аянтка курулуучу имараттын курулуш иштерине тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөт башчысы Г.Смановага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы: Э. Бакиевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |