Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXIX-сессиясы
2021-жылдын 24-марты № 287
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Шайык, Ак-жар айылдарына таза суу чыгарууга жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Шайык, Ак-Жар айылдарынын тургундарынын арызын жана Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Шайык, Ак-жар айылдарына таза суу чыгарууга жергиликтүү бюджеттен Ак-Жар айылына 50,0миң сом, Шайык айылына 50,0миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Шайык айылына таза суу топтоочу 30 м3 суу кампаны курууга, трансформатор орнотууга муниципалдык жер аянттан 500м2 жер аянтты бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянттка мамлекеттик акт алууга жана электр энергиясын пайдаланууга техникалык шарт алууга жергиликтүү бюджеттен 12,0миң сом бөлүнүп берилсин.
4. Курулуш иштерине тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөт башчысы Г.Смановага тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э. Бакиевге, Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мутуев жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыков тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин төрагасы: |
К.Байсопуев |